Улукбек Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Улукбек Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бахрейн Королдугундагы жана Египет Араб Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты