Уланбек Усеков билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды
- 1 год мурун
Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда Уланбек Усековду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрликтин жалпы жамаатына тааныштырды. “Алдыңызда турган жоопкерчиликтүү милдетти так аткарып, элибизге татыктуу кызмат өтөйсүз деген ишеничтебиз. Билим берүү тармагы — эбегейсиз чоң система. Эмгек жамаат менен мыкты жумуш алып барып, тармактын алдыга жылышына, буга чейинки жүргүзүлүп жаткан, аягына чыкпай калган жумуштарды аягына чыгарасыз деген үмүттөбүз”, — деди Байсалов.
Белгилей кетсек, мурдагы биринчи орун басар Талантбек Бекташов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген ордунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругуна ылайык бошотулду.