Улан Ниязбеков Казакстандын ички иштер министри менен жолугушту
- 1 год мурун
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түрк мамлекеттер уюмунун ички иштер министрлеринин экинчи жыйынынын алкагында Казакстандын ИИМ башчысы Ержан Саденов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, эл аралык кылмыштуулук, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча маселелер талкууланды. Тараптар эки өлкөнүн тиешелүү органдары ортосундагы маалымат алмашуу жана аракеттерди координациялоо абдан маанилүү экенин белгилешти.
Министрлер эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыкты, өзгөчө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдиришти.
Муну бөлүшүү




