«Улан Чолпонбаевдин мемориалы» эл аралык балдар шахмат фестивалы жыйынтыкталды

  • 12 месяцев мурун

«Улан Чолпонбаевдин мемориалы» эл аралык балдар шахмат фестивалы жыйынтыкталды . Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

11-августта Ысык-Көл облусунун Корумду айылында жайгашкан пансионаттардын биринде Жогорку Кеңештир бешинчи чакырылышынын депутаты, маркум Улан Чолпонбаевдин элесине арнап, «Улан Чолпонбаевдин мемориалы» шахмат мектеби эл аралык балдардын шахмат фестивалын өткөрдү. Ага Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Чили, ФИДЕ жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген катышуучулар катышкан.

Фестивалдын алкагында, ФИДЕнин арбитрлеринин квалификацияларын жогорулатуу үчүн ФИДЕнин лектору, “А” категориядагы эл аралык арбитр Хусан Турдалиев Өзбекстандан, “А” категориядагы эл аралык арбитр, ФИДЕнин ассистенти Михаил Крюков Орусиядан келип семинарларды өткөрүшкөн.

Фестивалдын жыйынтыктоочу бөлүгүнө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышты.

Ал фестивалдын катышуучуларын куттуктап, жаш жеткинчектердин арасында келечектеги чемпиондор жана гроссмейстерлер бар экенине ишенимин билдирип, “бүгүнкүдөй деңгээлдеги спорттук иш-чаралар республикада шахматты мындан ары өнүктүрүүгө сезилерлик түрткү берет деп ишенем жана уюштуруучуларга Улан Сапарбековичтин ишин улантып, спорттун өнүгүүсүнө салым кошуп жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем. Спортту өнүктүрүү- физикалык гана эмес, адеп-ахлактык жана ден -соолуктун да ачкычы болуп саналат” деп, катышуучуларга жетишкендиктерди каалады.

Квалификацияларды жогорулаткандарга сертификаттар, фестивалдын женүүчүлөрүнө диплом, медалдар тапшырылды.

Фестиваль быйыл үчүнчү ирет өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты