Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

  • 1 год мурун

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги ачылды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Элчиликтин ачылыш аземи бүгүн, 11-июлда өттү. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышты.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, ушул тапта өлкө башчысы аталган өлкөдө мамлекеттик сапар менен жүрөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты