Улан Бакасов: «Мен эч кандай кагаз карап окубайм, өзүмдүн оюмду сүйлөй алам»

  • 2 года мурун

Өткөн аптада депутат Улан Бакасов Адахан Мадумаровго айткан сын-пикирин кагазга жазып алып окуган деп талкууга алынган.

Мындан улам Улан Бакасов бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында түшүндүрмө берди.

«Өткөндө комитеттин жыйынында пикир келишпестиктер келип чыккан. Ар кандай пикирлер жаралды. Улан Бакасов кагаздан карап, Адахан Кимсанбаевичти урушту жазышты. Өзүм Кудай деген жигитмин, эч кандай кагаз караган жерим жок. Буга эң биринчи Кудай күбө, экинчи жанымда отурган депутаттар күбө. Алдыбызда турган кагаздар булар күн тартиби. Эмнеге биз талашып-тартыштык? «Жамандык көрсөң колуң менен токтот, колуң менен токтото албасаң тилиң менен токтот, тилиң менен токтото албасаң жүрөгүң менен жаман көрүп кой» деп айтып коёт го. Мен жамандык көрдүм, колум менен тоткото алган жокмун, тилим менен токтоттум.

Баткенге 50 миң доллар насыя 25 миң доллар грант бөлүнмөк. Бардык депутаттар колдодук. Бир гана «АРИСтин» аткарышына каршы чыктык. «АРИСтен» башка эч ким аткара албай турганына көзүбүз жетип, колдогонбуз. Ошондо бир гана Адахан Кимсанбаевич каршы чыккан. Адахан Кимсанбаевич өзү каршы болгону аз келгенсип, бизди дагы үгүттөдү. Талаш-тартыш болду. Депутаттар аз да болсо өзүбүздүн мекенибизге кызмат кылалы деп жүрөбүз. Бир гана Адахан Кимсанбаевич андай кылбаганын көрдүм. Ушул күнгө чейин Адахан Кимсанбаевичти таануучу эмесмин. Жогорку Кеңешке келгенде тааныдым. Мен Адахан Кимсанбаевичти калыс адам деп ойлочумун, бирок анысын көрө алган жокмун. Эгерде калыс болсоңуз өткөндө сиздин тарапташтарыңыз кагаздан окуду дегенде кагаздан окуган жок деп айтпайт белеңиз. Калыстыгыңызды бул жактан көргөн жокмун. Мен эч кандай кагаз карап окубайм, өзүмдүн оюмду сүйлөй алам. Кээ бирлердей чечен эмесмин. Өзүмдүн позицияма туруктумун. Акыл үйрөткөнүңүздү токтотуңуз», — деди Улан Бакасов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты