Укушовдон кезектеги плагиат: Анын АКШдагы FARA мыйзамы тууралуу макаласы орусиялык сайттан көчүрүлгөн

11-сентябрда Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси, эмгек сиңирген юрист Мурат Укушов өлкөдөгү сөз эркиндиги жана чет элдик агент мыйзамы тууралуу макала жарыялады. “Что дозволено Юпитеру, то не дозволено… Или почему одним можно, а другим нельзя?” аталышындагы макалада автор АКШнын FARA мыйзамы тууралуу сөз кылып, “Кыргызстандагы сөз эркиндигин баасы канча?” деп суроо салган.

“ПолитКлиника” медиасы Укушовдун макаласын анализдеп, анда плагиат бар же жок экенин текшерип көрдү.

Спойлер: Бар.

Укушовдун макаласы “АКИпресс” маалымат агенттигинин сайтына жарыяланган.

Макаладагы плагиаттар

Материалдын Америка Кошмо Штаттарынын мыйзамы тууралуу жазылган бөлүгүндөгү айрым сүйлөмдөр russiancouncil.ru сайтына 2023-жылдын 11-майында жарыяланган Наталья Бурлинованын макаласынан көчүрүлгөн. Төмөндө эки тексттеги окшоштуктарды келтиребиз: 

Укушовдон кезектеги плагиат: Анын АКШдагы FARA мыйзамы тууралуу макаласы орусиялык сайттан көчүрүлгөн
Укушовдон кезектеги плагиат: Анын АКШдагы FARA мыйзамы тууралуу макаласы орусиялык сайттан көчүрүлгөн
Укушовдон кезектеги плагиат: Анын АКШдагы FARA мыйзамы тууралуу макаласы орусиялык сайттан көчүрүлгөн
Укушовдон кезектеги плагиат: Анын АКШдагы FARA мыйзамы тууралуу макаласы орусиялык сайттан көчүрүлгөн
Укушовдон кезектеги плагиат: Анын АКШдагы FARA мыйзамы тууралуу макаласы орусиялык сайттан көчүрүлгөн

Укушов макаласындагы айрым гана жерлерде өлкөлөрдүн аттарын өзгөртүп, же өзүнүн оюн кошуп кеткен.

Ал эми атайын программага макаланын жогорудагы бөлүгүн толук салганыбызда Бурлинованын макаласы менен 45.8%га окшош болуп чыкты.

Плагиат – бул башка бирөөнүн эмгегин же идеясын тиешелүү атрибуциясыз (шилтемесиз) пайдалануу жана чыгарманы же идеяны өзүнүкү катары көрсөтүү. 

Укушов макаласынжа ачык булактардагы маалыматтар колдонулганын белгилегени менен, андагы өзгөртүүсүз көчүрүлүп алынган бөлүгүндө биринчи булакка шилтеме берген эмес. Андан сырткары, тексттин арасына жеке пикирин кошуп кеткен. 

Кыргызстанда плагиат жана автордук укуктардын бузулушу “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамы менен жөнгө салынат. Аталган мыйзамдын 19-беренесинде автордун макулдугусуз жана автордук сыйакы төлөбөстөн туруп анын эмгегин пайдаланууга болбой турганы жазылган. Анткени бул көптөгөн талаш-тартыштарга жана келишпестиктерге жол ача турганы белгиленген. 

Плагиат = Укушов

Бул макала Укушовдун биринчи плагиаты эмес. Буга чейин дагы журналисттер ал жазган макалар плагиат экенин ашкерелешкен.

Мисалы, ушул жылдын 28-январында Мурат Укушов «Кыргызстану не обязательно быть «Святее Папы Римского»: О правовом регулировании митингов в Евросоюзе и США. Часть 1″ аттуу автордук макаласын жарыялаган. Аны Fastcheck.kg басылмасы анализдеп чыгып, макаладагы тексттин жарымы орусиялык “РИА-Новости” сайтынан алынганын аныкташкан

2023-жылдын 11-февралында президенттин администрациясы “Массалык маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамдын” концепциясын көрсөткөн. Концепция түрдүү булактардан жана Орусиядагы дипломдук иштен 100% көчүрүлүп алынганын Bulak.kg редакциясы аныктап чыккан эле. Анын автору дагы Мурат Укушов болгон. 

Жыйынтык:  Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси, эмгек сиңирген юрист Мурат Укушов “Что дозволено Юпитеру, то не дозволено… Или почему одним можно, а другим нельзя?” аттуу макаласынын бир бөлүгү орусиялык сайттан көчүрүлгөн. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты