Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын өлкөдөн чыгып кеткендиги айтылууда

  • 2 года мурун

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын Кыргызстандан чыгып кеткендиги айтылууда. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбук бааркчасына жазды.

«Матриарх укук коргоочу, бардык саясий куугунтукка, басымга дуушар болгондорду 30 жыл бою коргоп келген Азиза Абдирасулова эжебиздин өлкөдөн чыгып кетиши менин ички дүйнөмдү оодарып салгандай болду»,- деп жазды Равшан Жээнбеков.

Жээнбеков Абдирасулова менен сүйлөшүп, укук коргоочу айым ага “Үйүмдү кечкисин 2 машина, 5-6 жигит тооруп, ар жактан коркутуулар келе баштаганда кетүүгө мажбур болдум” деп айтып, өлкөдөн чыгып кеткендигин тастыктаганын билдирди.

Азиза Абдирасулова «Кылым шамы» укук коргоо борборунун негиздөөчүсү.

Эске салсак, 21-декабрда үчүнчү Элдик курултайда өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жана «Кылым шамы» уюму тууралуу сын-пикир айткан эле.

«Азиза Абдрасулованын «Кылым шамы» уюму 2018-жылы Вашингтондон (АКШ) 8 миллион 586 миң 844 сом алган. 2018-жылдан бери уюм жалпысынан 21 миллион 168 миң 608 сом алган. Мен билишимче «Кылым шамы» уюмунда апасы менен кызынан бөлөк эч ким жок. Апасы пенсияга чыгып, кызына өткөрүп берген. Мына НПОлордун кылгандары. Бул акчалардын отчётун эптеп-септеп, оюна келген цифраларды жазып туруп, «мына биз муну кылып атабыз, тигини кылып атабыз деп отчёт кожоюндарына отчёт жөнөтүп коюшат. Кожоюндары «Жакшы иш кылып жатат экен деп буларга ишени отурушат. Бул жактан кылган иштери болсо жалаң жалган маалыматты таратмай, жамандык издемей, бирөөнүн аброюна далилсиз шек келтирмей. Анан алар сотко берсе, сөз эркиндигине кысым болуп жатат деп кыйкырып чыгышат”,», — деген Садыр Жапаров.

26-декабрда Азиза Абдирасулова өзүнүн Фейсбук баракчасына: «Садыр, иним! Мен сенден коркконуман эмес, сени сыйлаганыман сага жооп кайтарбадым. Мага жана менин жакындарыма болушунча куугунтук кылышып, башыман ылдый жуугунду куюшкан мурунку президенттер да менден кечирим сурашкан! Сен баарын жакшы билесиң! Билбесең, менин мээнетими, калыстыгымы Акаевден, Бакиевден, Отунбаевадан, Атамбаевден сура! Бар бол, иним! Сени сыйлаган укук коргоочу эжең Азиза Абдирасулова», -деп жазган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты