Укук коргоочу Абдирасулова үйүнө белгисиз эки адам барганын айтып чыкты

  • 11 месяцев мурун

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова белгисиз эки адам анын үйүнө издеп барышканын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал башкы прокурорго, УКМКнын төрагасына, ички иштер министрине кайрылуу жасады.

«Мен 27-августта ден соолугума байланыштуу Ысык-Атага кеткен элем. Жолдошум Жанызак Абдирасуловдун айтуусуна караганда, үйүбүзгө жарандык кийимчен, 35-40 жаштагы, орто бойлуу жигиттер келип, мени сурашыптыр. Абышкам менин үйдө жок экенимди айтканына карабай, алар үйгө бастырып киргенге аракет кылышып, бирок итибизден коркуп кире алышпай калыптыр. Бирок абышкама өтө одоно мамиле кылышып, күч колдонуп, колунан телефонун тартып алганга аракет кылышыптыр. Абышкам сураганына карабай аты-жөнүн, эмнеге келишкенин айтышпай, үйдүн жанында кетпей бир топко турушуптур. Мындай кооптуу кабарды уккандан кийин мен Ысык-Атадан шашылыш үйгө кайтып келдим.

Кошумча маалымат катары айтып коёюн, жолдошум жакында оор операцияны башынан өткөрүп, азыр өтө татаал процедуралар менен дарыланып жатат. Өзүм бел омурткамды сындырып, жакында эле төшөктөн турдум. Эгер мага карата укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир суроолор болсо жолугуп сүйлөшүүгө жана берилген суроолорго жооп берүүгө дайым даярмын», — дейт Абдирасулова.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты