Украинада AFP агенттигинин журналисти Арман Сольден мерт болду

  • 1 год мурун

Украинанын чыгышында AFP маалымат агенттигинин видеожурналисти Арман Сольден мерт болду. Бул тууралуу агенттик «Твиттердеги» баракчасы аркылуу билдирди.

AFP агенттигинин командасы украин аскерлери менен жүргөн кезде «Град» ракеталарынын соккусуна кабылган. Аны менен кошо жүргөн төрт кабарчы жабыркаган эмес.

«Сольдендин өлүмү Украинадагы жаңжалды чагылдырып жаткан журналисттер күн сайын туш болуп жаткан коркунучтар жана тобокелчиликтерди эске салат» деди агенттиктин төрагасы Фабрис Фрис.

Былтыр сентябрда Сольден AFP агенттигинин Киевдеги бюросунда видеокоординатор болуп дайындалган. Ал Украинанын чыгышына жана түштүгүнө байма-бай каттап турган.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун маалыматына караганда, Сольденди кошо эсептегенде Украинадагы согушту чагылдырып жүрүп 11 ЖМК өкүлү мерт болду.

Сүрөт: APF.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты