Украина «Крокус Сити Холлдогу» кандуу кол салууга тиешеси жок экенин билдирди

  • 4 месяца мурун

Украин президенти Зеленскийдин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Орусиядагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон кандуу кол салууга байланыштуу билдирүү таратты. Михаил Подоляк бул окуяга Украинанын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

«Крокус Сити Холлдогу” ок атуу менен Украинанын эч кандай байланышы жок. Мунун эч мааниси жок. Украинанын орус армиясы менен согушуп жатканына эки жылдан ашты. Согуш аскердик туура чечимдер жана куралдардын санына жараша аяктайт. Террористтик чабуулдар эч кандай маселени чечпейт”, — деди Подоляк.

Украина "Крокус Сити Холлдогу" кандуу кол салууга тиешеси жок экенин билдирди

Москванын четиндеги “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кандуу кол салуунун кесепетинен каза болгондордун саны 60тан ашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты