Украина: Мариуполь курчоого алынгандан бери 1500дөн ашык жайкын тургун каза болду

  • 2 года мурун

Орусиянын аскерлери курчоого алгандан бери Мариуполь шаарынын 1582 тургуну каза болду. Бул тууралуу 13-мартта Украинанын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

«12 күндүк курчоо маалында турак жайлар аткыланды. Жыйынтыгында орус аскерлеринин аракетинен улам 1582 жайкын тургун өлдү. Орусия мындай жол менен 2014-жылдан бери Украинадан баш тартпай келгени үчүн жөнөкөй жашоочуларга жооптук чара көрдү. Мындай ишти аскер кызматкерлери эмес, эч кандай күнөөсү жок жай тургундарды барымтага алган террорчулар жасайт», — деп билдирди ИИМ башчысынын орун басары Мэри Акопян.

Анын айтымында, Мариуполь дале болсо орус аскерлеринин курчоосунда турат жана коргонууну улантууда.

3-мартта Орусиянын армиясы шаарды курчоого алган. Азыркы тапта Мариуполдо электр энергиясы, байланыш, газ, жылуулук жана таза суу жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты