Украина ЕБге кирүүгө талапкер макамын быйыл июнда алышы мүмкүн

  • 2 года мурун

Украина Европа биримдигине (ЕБ) кирүүгө талапкер макамын быйыл июнь айында алышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн европалык жана евроатлантикалык интеграция маселелери боюнча вице-премьер-министри Ольга Стефанишина билдирди.

«Украина ЕБге мүчө болуу үчүн анкета алды. Биз буга чейин өтө чоң даярдык иштерин аткарганбыз, ошондуктан тез аракеттенүүгө даярбыз», — деп жазды Стефанишина Twitter’ге.

8-апрелде Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киев шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, ага ЕБге кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн анкетаны тапшырган.

«Силердин ЕБге карай жолуңар башталды. Бул кыска жол болот», — деп билдирген Еврокомиссиянын башчысы. Ошол эле маалда ал талапкер макамын алуу жараяны адатта бир канча жылды талап кыларын, бирок Украина үчүн бул бир нече аптага гана созуларын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты