УКМКнын жаңы имаратынын ачылышы өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 12-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент куттуктоо сөзүндө мындай заманбап имараттардын ачылышы менен алардын ишинин эффективдүүлүгү жана ыкчамдыгы жогорулайт деген ишенимин билдирген.

«Улуттук коопсуздукту камсыздоо тутуму өлкө кызыкчылыктарын толук кандуу коргоо, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы натыйжалуу сокку берүү үчүн жетиштүү күчтөргө жана каражаттарга ээ болушу керек. Бул үчүн атайын ресурстар бөлүнүп жатат. Бирок алардын көлөмү экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен аныкталат«.

Буга чейин УКМКнын аймактардагы бир канча бөлүмчөсүнүн имараты жаңыртылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты