УКМКнын тергөө абагында жаткан саясат талдоочу Марат Казакпаев ооруканага түшкөнү айтылууда

  • 2 года мурун

“Мамлекетке чыккынчылыкка» шектелип Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан саясат талдоочу Марат Казакпаев ден соолугу начарлап ооруканага түштү. Бул тууралуу “Азаттык» радиосу адвокат Икрамидин Айткуловдун маалыматына таянып жазды.

Анын айтымында, Марат Казакпаев Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканага жаткырылган. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Казакпаевдин жакындарыны шилтеме берип ал комага түшүп калганын жазып жатышат. УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып, 2021-жылы апрель айында кармалган. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон.

Мунун алдында Казакпаев www.aryba.kg сайтына “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалышын дал ушул маекке байланыштырышкан. Тергөөнүн материалдары жашыруун болгондуктан сот жабык өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты