УКМКнын Талас облустук башкармалыгы үчүн жаңы имарат курулду

  • 1 год мурун
УКМКнын Талас облустук башкармалыгы үчүн жаңы имарат курулду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Талас облустук башкармалыгы үчүн жаңы имарат курулду. Имараттын ачылышы 17-июнда президент Садыр Жапаровдун жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өттү.

Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 2 миң чарчы метрлик бул имаратты куруу иштери өткөн жылы июнда башталган.

Президент Жапаров ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, заманбап имараттын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу артып, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулайт деген үмүтүн билдирди.

УКМКнын Талас облустук башкармалыгы 1991-1998 жылдары алгач облустук бөлүм катары иштеген, 2000-жылдын апрелинде башкармалык болуп түзүлгөн.

Башкармалыктын эски имараты 1936-жылы салынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты