УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер эс албай иштеши керектигин эскертти

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында министрлер эс албай иштеши керектигин эскертти. Ташиев өкмөт өкүлдөрүнө көлгө барып эс алууга тыюу салды. Анын айтымында, министрлерде эмгек өргүүсү болбошу керек.

«Айрыкча министрлер, биз көп иштешибиз керек. «Эл дем алып жатат, мен дагы дем алам» дегенди токтотушубуз керек. Көлдө чолок шым кийип, күнгө кактанып жатканыңарды көрбөйүн. Үйүңөрдө дем алгыла, иштегиле. Эмгек өргүүсү деген бизде болбойт. Мисалы, мен бүгүн таңкы сат 5тен бери жумуштамын. Министрлер жумушка саат 8.30-9.00до келесиңер. Андай болбойт. Таңкы саат 6дан баштап жумушта болушуңар керек. Эл жолго чыкканда силер дагы тыгын жасабай, саат 6-6.30да жумушта болушуңар керек. Бул биздин элге көрсөткөн үлгүбүз болот», — деди Ташиев.

Ташиевдин эскертүүсүнө байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров комментарий бере элек.

Өкмөт бүгүн, 20-июлда алты айда жасалган ишинин жыйынтыгын чыгаруу үчүн жыйынга чогулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты