УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду

  • 8 месяцев мурун

УКМКнын Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

17-ноябрда Панфилов районунун Кайыңды шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Өз кезегинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө улуттук коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоодо, мыйзам бузууларды жоюуда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, мыйзамсыз диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга байланыштуу маселелерди козгоп, калкты сак болууга жана ар кандай салттуу эмес агымдарга аралашпоого чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты