УКМКнын “Мекендин келечеги” аталышындагы бала бакчасы ачылды

  • 4 месяца мурун

УКМКнын “Мекендин келечеги” аталышындагы бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-июнунда Бишкек шаарындагы “Көк-Жар” жаңы конушунда 100 орунга эсептелген “Мекендин келечеги” бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине УКМКеын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Жумагазиев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу КР УКМКнын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. Мындан тышкары төрага, УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады.
Мындан улам, учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты