УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган мурдагы жетекчи кармалды

  • 13 часов мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран мурда жетекчи болуп турганда өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен кызыктар адамдар менен тил табышып алып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгени белгилүү болгон. Ошондой эле социалдык объекттерди: мектептерди, бала бакчаларды, комуналдык-кампа зоналарын жана айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин курууга арналган жер тилкелерди мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Мындан улам, ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгарууну суранып, УКМК кызматкерине 15 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты