УКМКнын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош облустук Башкы башкармалыгынын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, имараттын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилик курамы жана өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«Камчыбек Ташиев кызматкерлерге жаңы имаратты тапшырып жатып, алардын кызматтык милдеттерин так аткарууга тийиш экендигин эскертти. Мындан ары дагы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды жакшыртуу, заман талабына шайкеш келтирүү жумуштары уланаарын кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты