УКМКнын дагы бир райондук бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-январда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, имараттын ачылуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилик курамы жана өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев кызматкерлерге жаңы имаратты тапшырып жатып, мындан ары дагы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды жакшыртуу, заман талабына шайкеш келтирүү жумуштары уланаарын кошумчалаган.

Ачылуу аземинен соң УКМК башчысы Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен да жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты