УКМКнын атын жамынып, жаранды 74 миң долларга алдашкан

  • 1 год мурун

Бишкекте өздөрүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, жаранды алдап 300 миң сом жана 74 миң долларын алып кеткен шектүүлөр кармалды. ИИМдин маалыматына ылайык, жабырлануучу батирин сатууга мажбур болуп, акчаны белгисиз эсептерге которгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, 2006-жылы туулган А.А., Э.Н. жана 1980-жылы туулган Т.А. кармалды. 

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө: банк карталары, төлөм квитанциялары, сим-карталар жана газ тапанча табылды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты