УКМКнын аскер бөлүгүндө ант берүү аземи өттү

  • 2 года мурун
УКМКнын аскер бөлүгүндө ант берүү аземи өттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) 64479-аскер бөлүгүндө жаңы кабыл алынган аскерлердин ант берүү аземи өттү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, 64479-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, УКМКнын ардагерлери жана ата-энелер катышты.

«Ачылыш аземинде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев жаш жоокерлерге ак ниет кызматты, кынтыксыз тартипти жана бардык билимди жогорку деңгээлде өздөштүрүүсүн каалады. Ошондой эле, аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик милдетин өтөп, аскердик билимди өздөштүрүүсүнө бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты