УКМКнын “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды

  • 6 месяцев мурун

УКМКнын “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-январда Бишкек шаарында УКМКга караштуу №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Мекеменин имараты эки кабаттан турат. 220 орунга ылайыкташкан. Ичинде бардык тийиштүү шарттар каралып, керектүү эмеректер менен жабдылган. “Алтын балалыкта” 2,5 жаштан жогорку мектепке чейинки жаш курактагы балдар тарбияланышат.

Белгилей кетсек, №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу КР Президентинин резервдик фондунан каржыланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты