УКМК: Жогорку окуу жайдын декандары пара талап кылганга шектелип кармалды

  • 10 месяцев мурун

Билим берүү тармагындагы коррупция аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери тарабынан уюштурулган, Кытайдагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн, студенттерден 900 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн «И.Б.М.» жана «А.С.Х.» аттуу жарандар кармалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты