УКМК: «Жогорку билими тууралуу жасалма диплом колдонуу фактысы аныкталды»

  • 2 года мурун

Жогорку билими тууралуу жасалма диплом колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жасалма дипломдорду пайдалангандыгы жана чет өлкөлүк жарандыгы бар экендигин текшерүүнүн алкагында президенттин Баткен районунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Р.М. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды.

2004-жылы Р.М. Баткен мамлекеттик университетинде окуганы тууралуу жасалма академиялык аттестат менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридика факультетине мыйзамсыз тапшырган. 2005-жылы Р.М. кайрадан Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 6-курсуна которулган. Жасалма академиялык сертификатты колдонуу менен Р.М. жогорку билими тууралуу диплом алууга негиз болгон.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмүндө (Документтерди жасалмалоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты