УКМК: Жеке нотариус менен анын жардамчысы документтерди бурмалагандыгы үчүн кармалды

  • 9 месяцев мурун

Жеке нотариус менен анын жардамчысы каза болгондордун кыймылсыз мүлкү боюнча документтерди бурмалагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жеке менчикти (туугандары жок жана мурас иштери ачылбаган маркум карыялардын) кыймылсыз мүлккө болгон документтердин негизги пакетин бурмалоо жолу менен мыйзамсыз каттоо жана кийин кайра сатуу фактысы менен байланышкан системалуу коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, айрым жарандар Жер ресурстары кызматынын (мурдагы “Кадастр» мамлекеттик мекемеси) кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, жалгыз бой карылардын (каза болгон) кыймылсыз мүлктөрүн негиздеп, алардын кыймылсыз мүлкү тууралуу тиешелүү маалыматтарды чогултуп, алардын тууган-туушкандары жок экендигин жана мурастык маселелердин жоктугун аныктап, жеке нотариус жана Жер ресурстары кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте материалдык пайда алуу максатында, кийин кайра сатуу үчүн кыймылсыз мулкко жасалма документтерди жасашкан.

Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо жана андан кийин кайра сатуу боюнча мыйзамсыз келишимдер аткарылгандан соң, алынган акчанын суммасы бул кылмыштуу схемага тиешеси бар адамдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Топтолгон материалдардын негизинде 4-ноябрда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык жеке нотариус К.А. жана анын жардамчысы Дж.Р. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан системалык мүнөздөгү башка ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана документтештирүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин, анын ичинде Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын кызматкерлеринин кылмыштуу бүтүмгө катышуусуна баа берүү боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты