УКМК: «Жалал-Абадда жылан уусунун ири партиясын сатып жаткандар кармалды»

  • 12 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында, күчтүү уулуу зат “Gurza – vipera Leberetna turaniga” ири партиясын сатуу аракети токтотулду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 кыргызжараны кармалды.

Такталгандай, күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларга чейин бааланат. Кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты