УКМК: Жалал-Абадда жеке ишкерден акча талап кылганга шектелген жаран кармалды

  • 3 месяца мурун

УКМК тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу учурунда Жалал-Абад шаардык суу чарба ишканасынын адиси К.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Аталган жаран УКМК кызматкери катары өзүн тааныштырып, жеке ишкерге кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарындагы акча алмаштыруу жайында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн системалуу түрдө опузалап акча талап кылган», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты