УКМК: Жалал-Абадда жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын тургундарына карата, Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренесинин 2-бөлүмү (жалган ишкерлик) боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталган боюнча, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн талдоо учурунда, болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү иштер такталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмаларга кандай кошумча салыктар алынганы туралуу салыктык текшерүүлөр дайындалды. Тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты