УКМК: Жалал-Абадда жалган ишкердик менен алектенген адамдардын тобу аныкталды

  • 2 года мурун

     

Жалал-Абад шаарында жалган ишкердик менен алектенген бир канча адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү операциялар аныкталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери тергөөгө алынып, алардын мыйзамсыз аракеттери такталган. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси (жалган ишкердик) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Кылмыш ишинин алкагында бул фирмалардын контрагенттерине салыктык текшерүүлөр дайындалып, анын жүрүшүндө салыктар кошумча эсептелинет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты