УКМК: Жалал-Абадда сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (САКБ) кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу О.Т.О. Сузак районунун тургунунан кредитордук карызды өндүрүү маселеси боюнча оң чечим чыгарып берүүнү убадалап, 20000 сом жана 500 АКШ доллар акча каражатын талап кылган.

Аталган факты боюнча, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. 28-апрелде ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө айыпталуучу кармалып, Сузак РИИБинин тергөө абагына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты