УКМК: «Жалал-Абадда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды»

  • 7 месяцев мурун

Жалал-Абадда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Женго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Ж.Т. кармалды.

«Кармалган Ж.Т. Жалал-Абад шаарындагы жеке ишкерлерди физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп-үркүтүп, акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алуу менен алектенген. Ал 2017-жылы “Каракчылык”, “Зордуктоо” жана “Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок, 2022-жылы Ж.Т. сот органдары тарабынан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуулган. Бул чечимдин мыйзамдуулугу УКМК тарабынан иликтенип жатат. Анын жыйынтыгында өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонгон судьялардын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты