УКМК: Жалал-Абадда “Хизбут-Тахрир аль Ислами” уюмунун 4 активдүү мүчөсү кармалды

  • 9 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний-экстремисттик уюмунун төрт активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун Базар-Коргондогу ячейкаларынын активдүү мүчөлөрү К.М, И.М, Н.М. жана Х.Я. кармалды.

Кармалгандар “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү экени жана экстремисттик идеологияны жарыялоо жана жайылтуу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды. Аталган адамдардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУга тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар жана баракчалар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды. Кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты