УКМК: Жалал-Абадда чет элдик компаниялар тарабынан мунай өндүрүүдө одоно мыйзам бузуулар аныкталды

  • 10 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунда чет элдик компаниялар тарабынан мунай өндүрүүдө одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда нефтини иштетүүдө жана өндүрүүдө ченемдерди жана талаптарды көп санда бузгандыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Маалым болгондой, С.Д. жана В.Г. компаниясы өлкөнүн түштүгүндө мунай чийки затын чалгындоо жана андан ары өндүрүү боюнча өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырат. Бирок, чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрү мунай чалгындоо жана иштетүүгө тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен ири көлөмдө мунай өндүрүп, сатышкан. Ошол эле учурда компаниянын өкүлдөрү мыйзам бузуулар менен өндүрүлгөн мунай затты зыяндуу химиялык заттарды колдонуу менен Майлуу-Суу шаарынын аймагында кол өнөрчүлүк менен иштетип, андан кийин жер кыртышынын түшүмдүү катмарына төгүлгөн. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө экологиялык жана экономикалык зыян келтирилген. Ошондой эле, мунай өндүрүү объекттеринде экологиялык көзөмөл кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө экологиялык, өндүрүштүк жана техникалык коопсуздук жаатындагы көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган ишканалардын чыныгы ээси Кытайдын жараны «Ж.Д.Ф.» аныкталып, ал ИИМдин тергөө абагына камакка алынды.

Учурда Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо максатында комплекстүү комиссиялык текшерүү иштери жүргүзүлүп, бир катар зарыл экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты