УКМК: «Жалал-Абадда беш адам “Хизб ут-Тахрир” уюмунан чыкты»

  • 1 год мурун

УКМК Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун беш тургуну “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартканын билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышкан: 1967-жылы туулган А.А, 1977-жылы туулган А.Т, 1978-жылы туулган Т.А, 1979-жылы туулган Ю.Р. жана 2000-жылы туулган Х.Ш. аттуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышкан. Бул адамдар мурда «Хизбут-Тахрир» ЭТУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен.

Жогоруда аталган жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» ЭТУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.
УКМК тарабынан тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун катарына жаңы тарапкерлердин тартылышынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты