УКМК: Жалал-Абад облусунда лицензиясыз иштеген 78 стоматологиялык жеке клиниканын иши токтотулду  

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунда 122 жеке стоматологиялык клиника болсо, анын 78и лицензиясыз иштеп жаткан. Лицензиясыз иштеген жеке клиникалардын иши токтотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

Лицензия тартибин бузуудан тышкары, жеке клиникаларда санитардык коопсуздукту бузуу фактылары, медициналык адистиги жок адамдар да иштегендиги аныкталды.   

Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2021-2022-жылдары вирустук гепатиттин В жана С түрлөрү көбөйгөн. 2021-жылы гепатит жуккандардын саны 1308 болсо, 2022-жылы 1979 учур болгон. Белгилүү болгондой, стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөрдөн кан аркылуу вирустук инфекция жугушу ыктымал.  

Учурда аталган жеке клиникалардын ишмердүүлүгү боюнча саламаттык сактоо, санэпидкөзөмөл, салык кызматы жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия иштеп жаткандыгы айтылды.  

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда 2090 вирустук гепатит учуру катталган, ал эми 2020-жылы бул көрсөткөч 4805 учурду түзгөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты