УКМК: Жалал-Абад облусунда көмүскө экономиканын көлөмү 30 пайызды түзөт

  • 4 месяца мурун

УКМК көмүскө экономиканын масштабын аныктоо максатында Жалал-Абад облусунун аймагында иштеп жаткан ишкердик субъекттеринин санына мониторинг жүргүзгөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын натыйжасында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий маалыматтары менен олуттуу айырма аныкталган.

«Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун аймагында 7077 ишкердик субъект (соода борборлору, дүкөндөр, мейманканалар, кафелер, ашканалар, чач тарачтар, техникалык тейлөө станциясылар жана башка) расмий катталган жана экономикалык ишмердигин жүргүзүп келет. Бирок жүргүзүлгөн эсептөөдө, облустун аймагында 10132 ишкердик субъект иштеп жаткандыгы аныкталып, бул Мамлекеттик салык кызматынын маалыматынан 3055 субъектке, башкача айтканда 30,1 пайызга көптүк кылат», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда УКМКнын демилгеси менен мыйзамсыз иштеп жаткан ишкердик субъекттерди көмүскө экономикадан чыгаруу максатында профилдик мамлекеттик органдарды, анын ичинде салык кызматы, санэпидемстанция, архитектура, суу жана энергия менен камсыз кылуучу уюмдарды тартуу менен комиссия уюштурулган.

Бул иш-чаралар субъектерди легалдаштыруу жана алардын ишин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн багытталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты