УКМК: Өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырып, акча талап кылгандар кармалды

  • 12 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырып, жарандардан акча талап кылып жүргөн деген шек менен алты адам кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө кармалгандар өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлерибиз деп тааныштырышып бир жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жолу менен ошондой эле интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтабыз деп шантаж кылып, 300 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Шектүүлөр 8-августта Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылган.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК ушул сыяктуу кылмыштын түрлөрүнөн жапа чеккен жарандарды (0312) 66-04-75 номери аркылуу кайрылууга чакырат. Анонимдүүлүкө кепилдик берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты