УКМК: Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды

  • 8 месяцев мурун
УКМК: Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды

Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда Бишкек шаарынын аймагында Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун 1997-жылы туулган А.С. аттуу жараны кармалган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.С. кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Өзбекстандын аймагында зомбулук мүнөздөгү аракеттер менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, А.С. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Маалыматтарга ылайык, А.С. жогорудагы жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Учурда кармалган А.С. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстанга чыгарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты