УКМК: Ысык-Көл райондук сотунун эки мыйзамсыз чечими аныкталды

  • 1 год мурун

Ысык-Көл райондук сотунун эки мыйзамсыз чечими аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2015-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Рояль бич” мейманканасынын аймагындагы 8,19 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүүгө негиз болгон чечим чыгарылганы аныкталды. «Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо делосунда Ысык-Көл райондук сотунун аталган токтому менен менчикке берилген жер тилкелеринин аянтында олуттуу айырмачылыктар (2,05 гектар жер) бар, башкача айтканда сот бир иш боюнча материалдык пайда алуу максатында ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары менен эки мыйзамсыз чечим кабыл алган. Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген», — деп жазылат маалыматта.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты