УКМК: «Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды»

  • 1 год мурун

Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, О.Т. аттуу кыргыз жаранын уурдап кеткен. Өзбекстандын У.У. жана Б.К. аттуу эки жараны Наманган облусунун аймагынан кармалды. Алар Өзбекстандын МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 28-февралда О.С. аттуу КРнын жараны УКМКга белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстандын аймагына О.Т. аттуу агасын уурдап кетишкен туралуу фактысын айтып, барымтада кармалып турганын бошотуу боюнча кайрылган.

Такталгандай, жогруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу «О.Т.Т.» аттуу жаранды Өзбекстан Республикасына алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан.

7-мартта уурдалган О.Т. аттуу жаран Кыргызстанга алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты