УКМК: «Унаа» мекемесинин Жалал-Абад боюнча аймактык башкармалыгынын оператору жана ортомчу кармалды»
- 2 года мурун
ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М. ортомчу Б.Ш. аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М. жана ортомчусу Б.Ш. пара алып жаткан жеринен кармалды.
Аталган жарандар Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.