УКМК: Улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды

  • 1 год мурун

Социалдык тармактар аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын “Ч.А.С.” аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, интернет мейкиндигинде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында “Facebook” социалдык тармагында өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган чагымчыл аккаунт аныкталды.


Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургуну “Ч.А.С.” аттуу жаранга тиешелуу экени аныкталды. Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 (беш) суткага административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан.

УКМК: Улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү кармалды


Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ч.А.С.”тын мыйзамсыз аракеттерине соттук лингвистикалык экспертиза дайындалып, ага ылайык, анын басылмаларында улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту
боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталды.

Ушуга байланыштуу үстүбуздөгү жылдын 12-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүн (“расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, 14-июлунда козголгон кылмыштын негизинде “Ч.А.С.” кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты