УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү опузалап талап кылуу фактысы боюнча кармалды

  • 2 года мурун

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кылмыш жазасын өтөп жаткан чет өлкөлүк жарандан опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү К. Асанбек аттуу адам уюштурган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болгон. Ал кылмыш жазасын өтөп жаткан чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Кармалган учурда шектүүнүн жанынан жалпы салмагы болжол менен 60 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты табылган. Буга байланыштуу иш ИИМнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК кылмышка шектүүнүн башка мыйзамсыз иштерге катышып-катышпаганын текшерүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты