УКМК: «Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды»

  • 2 года мурун

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында өзгөчө оор кылмышка шектелип, мурда тергөө органдарынан жашырынып жана 30-апрелден бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. 9-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан УКМК кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү З.у.Т. кармалды.

Маалым болгондой, кармалган жаран жергиликтүү элди коркутуп-үркүтүү максатында өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп Жалал-Абад облусунун М.К. аттуу тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты