УКМК: «Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды»

  • 1 год мурун

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунда К.Досоновдун (“Дженго” деген кайманы ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н. жана анын шериктери кармалды.

О.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.

Кармалган адам Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты