УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

  • 10 месяцев мурун

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Дордой” соода-базары комплексинин (СБК “Дордой”) аймагында опузалап акча каражатын талап кылуу жана мыйзамсыз өндүрүп алуу боюнча кылмышка шектүү катары Н.А.Ж. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Н.А.Ж. “Дордой” соода борборунан Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун базарларына жана Өзбекстандын базарларына жүк ташуучу оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз акча талап кылуунун мыйзамсыз механизмин уюштурганы аныкталды.

«Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Н.А.Ж. кезектеги мыйзамсыз акча чогултуу учурунда кармалган. Мындан тышкары, Н.А.Ж.дын жашаган жеринде тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн мергенчилик мылтыгы (араланган сайлуу мылтык), атылбас курал жана диний адабияттар табылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Н.А.Ж. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты