УКМК Токмоктогу «Радиозавод» комплекси мамлекетке кайтарылганын билдирди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Токмок шаарындагы «Радиозавод» комплекси мамлекеттин балансына өткөнүн билдирди.

Аталган комплекстин аянты 1 гектарды түзөрү, ал эми болжолдуу баасы 3 млрд сомдон ашары айтылды.

Маалыматта айтылгандай, «Радиозаводдун» имараты мэриянын 2008-жылдагы токтому менен Ы.А.К. аттуу жаранга сатылып, бирок ал баасын толук төлөгөн эмес. Тактап айтканда, сатып алган жаран кепилдик төлөмдүн 808,4 миң сомун жана негизги сумманын 550 миң сомун гана төлөгөн. Ал эми калган сумма 7 млн 534 миң сомду түзөт.

«Ага карабастан Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы процессуалдык талаптарды бузуу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүп, «Радиозавод» ишканасын Ы.А.К.нын менчигине мыйзамсыз өткөрүп берген»,- деп билдирди УКМК.

Жыйынтыгында жогоруда аталган жаран «Радиозавод» комплексин Токмок шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты